Биз менен байланышыңыз

Аракка улуттук баатырлардын атын коюуга тыюу салуу сунушталууда

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 630 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов алкоголдук ичимдиктерге Манас, Семетей жана Сейтек сыяктуу улуттук баатырлардын атын коюуга тыюу салууну сунуштады. Анын демилгеси менен «Манас» эпосу тууралуу мыйзамга» өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоордо улуттук жана адамдык баалуулуктар-ынтымак, айкөлдүк, толеранттуулук жана достуктун символу болгон маданий шедеврибизди буларга караманча терс көрунүштөргө байланыштыруу руханий мурасыбызга кыянатчылык болуп саналат.

Анда алкоголдук ичимдиктер адамдардын ден соолугуна жана руханий саламаттыгына чоң зыянын тийгизип, ажырымга, себепсиз конфликттерге, эки жүздүүлүк, тарбиясыздык жана жакырчылыкка алып келери талашсыз чындык экени белгиленип, бул жарандардын идеологиясын бузууга алып келери айтылган.

Эске салсак, ушундай эле талап менен буга чейин дагы айрым коомдук уюмдар жана манасчылар кайрылып чыгышкан. Талкууга коюлган долбоорго азырынча пикир-сунуштар келип түшө элек.

 

Copyright © 2017 Maral FM