Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Кыргыз-кытай мамилесин саясатка айлантууну каалаган топтор бар

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2019 | 672 | 0

Коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Марат Иманкулов “Марал” радиосуна берген маегинде кыргыз-кытай мамилесин курчутуп, аны саясатка айлантууну каалаган топтор бар экенин билдирди.

Анын айтымында, бийлик мындай топтордун аракетине жол бербеши керек. Себеби эл аралык мамилелердеги маселе топтордун көчөлөрдө кыйкыруусу менен чечилбейт.

Иманкулов кытайлар кооптуу чекке келип калды деген аша чапкандык экенин белгилейт. Ал кыргыз-кытай мамилесининин өөрчүшүнө кытай жарандарынын катышуусу менен иштеген ишканаларда кетирилген чарбалык кемчиликтер, экологиялык зыяндар себеп болуп жатканын, мындан улам кытайлар иштеп жаткан жерлерде жаңжалдар чыга баштаганын айтат.

“Кытай мамлекети ушуга күнөөлүүбү деген суроо туулат. Алсак, Бишкек ЖЭБиндеги реконструкциялоо ишинде мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 111 миң доллар уурдаганы айтылды. Буга Кытай күнөөлүүбү? Бул жерде Кыргызстан күнөөлүү эмеспи? Кытай тарап өлкө өнүксүн деп берген каражатты биз кандай пайдаландык? Кытай чиновниктердин колу-бутун байлап “уурда” дедиби? Кытайлык ишканалар да биздин көзөмөлдө иштеп жатат. Анда биздин көзөмөл кайда? Алардын шартына макул болгон чиновниктер күнөөлүү. Мурунку бийликте лицензиялар сатылып кеткен. Жалаң кытайлар күнөөлүү дегенден алысмын», — дейт Иманкулов.

Ал Кыргызстан кыргыз-кытай мамилесине доо кетирип алуудан абайлап, аяр мамиле кылуусу зарыл экенин кошумчалады.

Эске салсак, 7-анварда Бишкекте кытайларга каршы митинг өткөн. Мындан сырткары социалдык тармактарда Кытай мамлекетине жана кытайлык жарандарга каршы чакырыктар болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM