Биз менен байланышыңыз

Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болду

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 447 | 0

Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Генерал-майор Марат Иманкулов Чуй облусунун Чуй районундагы Онбир жылга айылында төрөлгөн.

1982-жылы Москва полиграфия институтун, 1987-жылы — CCCPдин Мамлекеттик коопсуздук комитети жогорку курсун (Киев), 1991-жылы — CCCPдин Мамлекеттик коопсуздук комитети жогорку курсун (Ташкент) аяктаган.

1986-жылдан бери Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында ар кандай ыкчам жана башкаруучу кызматтарын аркалап келген.

1998-2001-жылдары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башчысы.

2001-2002-жылдары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча башчысы.

2002-2005-жылдары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облусундагы башчысы.

2005-2007-жылдары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы.

2010-жылдын 23-августунан баштап Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы болгон.

2011-жылдын январынан августуна чейин — УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, УКМКнын алдындагы Терроризмге каршы борбордун директору болгон.

2011-жылы августта өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.

Copyright © 2017 Maral FM