Биз менен байланышыңыз

Орусия берген курал-жарактын күңгөй-тескейи

Саясат | 1 мая 2019 | 788 | 0

Орусиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Башкы штабына МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак жана брондолгон тогуз аскер унаасын берди.  Аскер техникасы 29-апрелде Канттагы Орусиянын авиабазасында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиевдин катышуусунда салтанаттуу түрдө тапшырылды. 

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүн жаңылоо жана согуштук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында жардам бериле тургандыгына токтолду. Мындан сырткары, ал коопсуздукту камсыздоо боюнча акыркы учурда Кыргызстанда да алгылыктуу иш жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.

— Аймактык коопсуздукту камсыздоодо — достук мамилени дагы да жакшыртуу өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстан коопсуздукту камсыздоо боюнча ар дайым Орусиянын колдоосуна ишенсе болот. Техниканы тапшыруу Орусиянын «Кант» авиабазасында өтүп жатканы жакшы көрүнүш. Акыркы күндөрү элдин тынч жашоосун камсыз кылууда Кыргызстан көп жумуш аткарды. Бул үчүн ыраазычылык билдиребиз. Авиабаза аскердик агрессияны чагылдырууга багытталып, ЖККУнун алкагында ыкчам аракет жүргүзүү үчүн зор мааниге ээ.

Ооган согушкерлери кирип кетпеши үчүн Тажикстан менен Кыргызстандын аскерий базаларында аскердик даярдык күчөтүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кoргoнуу ведомствoлoрунун жетекчилеринин кеңешмесинде сөз болду. Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев баса белгилегендей, Кыргызстандын армиясы өлкөнүн аскерий коопсуздугун камсыздоого толугу менен даяр. Ал эми, Орусиянын көрсөткөн техникалык жардамы армиянын күчүнө күч кошот.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстандын армиясы жетиштүү курал-жарак, техника менен камсыздалган. Куралдуу күчтөр өлкөнүн аскерий коопсуздугун камсыздоого толугу менен даяр. Орусиянын берген тик учактарынын бизге жардамы чоң. Мына, жаз келип чалгындоо, изилдөө иштерин жүргүзөбүз. Мындан сырткары, алыскы аймактарга аскерлерди жеткирүүгө кызмат кылат жана чек араны асмандан көзөмөлдөөгө мыкты жардамы тиет. Бул жардам биздин армиянын күчүнө күч кошту.

Курал менен камсыздоого өкмөттүн күчү жетпей турганда, өнөктөш өлкөлөрдүн жардам көрсөткөнү чоң мааниге ээ. Орусиянын жардамы, алардын Кыргызстанга болгон достук мамилесинин белгиси. Мындай пикирин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов билдирди.

— Бул жардам — чоң согушка даярдык эмес. Бул — Орусиянын Кыргызстанга болгон достук мамилесинин белгиси. Бул деген — дипломатия. Куралдуу күчтөрдү техника менен камсыздоого өлкөнүн өзүндө күчү да, акчасы да жок. Андыктан, мындай техниканын берилиши, коопсуздуктун бир калыпта кармалып турушуна өбөлгө түзөт.

 Кыргызстандын аскерий-техникалык базасын күчтөндүрүү Орусия үчүн да маанилүү. Коопсуздук боюнча серепчи, генерал-майор Марат Иманкуловдун айтымында, террористтик, экстремисттик уюмдардын аракеттери курч болуп турган учурда, коопсуздук стратегиясы туура түзүлгөн.

— Кыргызстандын аскердик техникасынын күчтөнгөнү — Орусия үчүн да пайдалуу. Азыркы учурда террористтик, экстремисттик уюмдардын баары топтолуп, кооптуулукту жаратып турат. Алар чабуул жасачу болсо, Кыргызстан менен эле чектелбейт. Кыргызстан аркылуу Орто Азия, андан ары Орусияга өткөнгө аракет жасайт. Биздин куралдуу күчтөрүбүз, атайын кызматтар бекем турчу болсо, алар бизден өтө алышпайт. Бул жагынан алганда, Орусия үчүн да пайдалуу. Орусия өзүнүн коопсуздугун алыстан камсыздаганга далалат жасап жатат, андыктан, стратегиялык чечим катары бааласак болот. Коопсуздук баарыбызга керек!

Эске салсак, Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзуна кирип жатканда макулдашылган келишимге ылайык, Орусия ушуну менен экинчи жолу аскердик техника жөнөтүп жатат. Алгачкысында 123 аскер унаасы жана инженердик техника берилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM