Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кытайларга жана айып пулдарга каршы митинг өтүүдө

Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 5869 | 0
Сүрөт: maralfm.kg

Бишкек шаарында ушул тапта борбордук аянтта митинг өтүп жатат. Ал жерде чогулгандар кытай жарандарына кыргыз кыздарын бербөө, ошондой эле жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдарга каршы пикирлерин билдиришүүдө.

Митингди уюштургандардын бири Нурлан Алымкуловдун айтымында, митингчилер өз сунуштарынын тизмесин түзүп, 17-январда өкмөткө, Жогорку Кеңешке беришет.

Буга кошумча, Ысык-Көлдөн, Нарындан да эл келип жатканын айтты. Учурда борбордук аянтта 300гө жакын киши чогулган.

Эске салсак, 2019-жылдан тарта Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирди. Алар «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси».

Коомчулукта жол эрежелерине байланыштуу каралган айып пулдардын суммасы нааразылык жаратып жатат. Алсак, мас абалында унаа башкарган айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынууда. Ички иштер министрлиги буга чейин 3 күн ичинде 17 мас айдоочу кармалып алардан 262 миң 500 сом айып пул өндүрүлгөнүн кабарлаган.

Мындан тышкары, туура эмес жерге түкүргөндөргө 5500 сом айып салынганы да талкуу жаратып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM