Биз менен байланышыңыз

Футбол боюнча Азия Кубогу: 2-турдун жыйынтыгы

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 14 Янв 2019 | 685 | 0

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия биринчилигинин 2-топтук туру аяктады. Анда эки жеңиш менен 6 упай камсыздап, плей-офф баскычына чыга тургандар аныкталды. Алар төмөнкүчө:

«А» тайпасынан БАЭ 4 упай менен алдыда, плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул тайпанын тагдыры үчүнчү турда так чечилет.

«В» тайпасынан Иордания плей-оффко 6 упай менен чыкты. Калган үч кураманын тагдыры кийинки турда билинет.

«С» тайпасынан Кытай менен Түштүк Корея плей-оффко чыга алды. Экөөндө тең 6 упай бар. Ал эми Кыргызстан менен Филлипиндин беттешинде Кыргызстан утса группалык турдан өтүп кетүүсү ыктымал.

«D» тайпасынан болсо Иран менен Ирак курамалары плей-оффто. Алар Вьетнам менен Йеменге мүмкүнчүлүк беришкен жок.

«E» тобунда Сауд Аравиясы менен Катар өзгөчөлөнүп, плей-оффко жолдомо алышты.

«F» тобундагылардан Япония менен Өзбекстан күмөнсүз жеңиши менен плей-офф турунан орун алышты.

Ошентип группалык турдагы 3-айлампа кошумча төрт орун үчүн ат салышкан командалар менен биринчи, экинчи орун аныкталбай калган тайпалардын курамаларынын тагдырын чечет.

Үчүнчү тур бүгүн, 14-январда башталып, алгачкылардан болуп «А» тайпасындагы БАЭ-Таиланд жана Индия-Бахрейн курамалары беттешет.

Ал эми Кыргызстандын Филлипин курамасы менен беттеши 16-январь күнү болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM