Биз менен байланышыңыз

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан-Тажикстан 1:1

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 2325 | 0

Бүгүн, 19-ноябрда Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Тажикстан менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Бешинчи турдун жыйынтыгында Япония 12 упай менен тизмеде сап башында болсо, 7 упай топтогон Кыргызстан менен Тажикстан экинчи, үчүнчү орунду бөлүшүп турат.

Бул курамалардын Душанбеде болгон биринчи беттешинде Тажикстан командасы 1:0 эсебинде утуп алган.

Copyright © 2017 Maral FM