Биз менен байланышыңыз

Канжар Кадыралиевдин иши жаңыланды

Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 710 | 0

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевдин иши боюнча сот процесси бир жарым жылдан кийин жаңыланды. Бул тууралуу 24kg басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Кадыралиевдин иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралууда. Ага үч берене-«Коркутуп акча талап кылуу», «Бейбаштык» жана «Өзү билемдик менен иш жүргүзүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Анткен менен ал өзү айыпты четке кагып, жалган жалаа экенин айтууда.

Кадыралиевдин жактоочулары иштин эскирип, убакыты өтүп кеткенине байланыштуу токтотууну талап кылууга ниеттенишүүдө.

Эске салсак, 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевдин үстүнөн бир нече жаран арызданып кайрылган. Шектүү укук коргоо кызматкерлеринен качып жүрүп, 2015-жылдын мартында убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошол эле жылдын аягында үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM