Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Сон Хын Миндин оюнга катышпай тургандыгы өкүнүчтүү

Кыска кабар , Спорт | 11 Янв 2019 | 1592 | 0

10-январда Аль-Айн шаарында футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйын берди. Анда машыктыруучу Түштүк Корея менен боло турган оюн кызыктуу болорун, атаандаштардын деңгээли кандай экенин билерин айтты.

-Негизги курамда алмашуулар болот. Анткени Кытай менен Түштүк Корея такыр башка командалар. Оюндун жүрүшүнө жана курамга карап өзгөртүп турабыз,-деди Крестинин.

Ал Түштүк Кореянын командасынын капитаны Сон Хын Миндин ролу чоң экенин, бирок анын катышпай тургандыгына өкүнүчүн билдирди. Ал ойногондо бардык атаандаш командага кыйын болорун эске салды.

Бирок командада башка дагы мыктылар көп. Биз аны катышат деп, ошого карата даярданганбыз. Анткени мындай мелдештерде эң мыктылар менен ойноону каалайбыз. Такшалган оюнчуларга каршы ойносоң, өнүгүү болот.

Ал Кытайга каршы оюнда Павел Матяшдын катасы жана аны кийинки оюнга кошуп-кошпоо боюнча пикирин айтты. Дарбазачынын катасы оюндун жыйынтыгына түз таасир эткенин, бардык дарбазачылар ката кетирерин белгиледи. Аны менен катар эле чабуулчулар да жаңылып, учурларды кармап, гол киргизе албаганын да эске салды.

-Азыр сындагандын ордуна колдоо көрсөтүшүбүз керек. Алдыда дагы эки оюн бар. Биригели. Биз бир болгондо гана күчтүүбүз. Оюндун курамын айтпайм. Оюнчулар аны ММКлардан эмес, өзүмдөн угушсун.

Филиппин менен Түштүк Кореянын оюну боюнча да кеп кылып, филиппиндиктер корейлерди коргонууга аз да болсо мажбур кылды деп эсептейт.

-Биз башкача план менен ойнойбуз деп чечтик. Кореянын кайсы жагы алсыз экенин билдик. Аны колдонгонго аракет кылабыз,-дейт Крестинин.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы беттеш 11-январда Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM