Биз менен байланышыңыз

Президент Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 497 | 0

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда валюта рыногундагы учурдагы жагдай, акча-кредиттик саясат, банк секторундагы азыркы абал, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Толкунбек Абдыгуловдун маалыматына ылайык, 2018-жылдын башынан тартып, 2019-жылдын 8-январына карата АКШ долларынын курсу 1,5%, же болбосо 68,8395 сомдон 69,84 сомго чейин өстү. Мындай өзгөрүүнүн залалдарын жумшартуу максатында Улуттук банк 2018-жылдын ичинде 168,25 млн АКШ долларын сатуу боюнча тогуз ирет интервенцияны ишке ашырган жана 20,55 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча эки ирет интервенция жасаган.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарында банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүүнү жана ошондой эле 2019-жылы — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тийиштүү чараларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM