Биз менен байланышыңыз

Советтер Союзунун акыркы спикери көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 1388 | 0

СССРдин Жогорку Кеңешинин акыркы спикери Анатолий Лукьянов 88 жаш курагында оорудан каза болду.

Лукьянов 1990-жылы Михаиль Горбачев СССРдин президенти болуп шайланганда анын ордуна Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин эле мамлекеттик төңкөрүш жана бийликти ээлеп алуу аракетине (ГКЧП окуясы) катыштыгы бар делип кармалган. Бир нече ай камакта олтурган соң үй камагына чыгарылган. 1994-жылы чуунун башка катышуучулары менен бирге мунапыс алып, бошоп чыккан.

Андан кийинки иш жолу Орусиянын Коммунисттик партиясына кызмат кылуу менен уланган. Компартиянын төрагасынын билдиришинче, Лукьяновдун сөөгү Москвадагы Троекуровский көрүстөнүнө коюлат.

Кошумчалай кетсек, Лукьянов саясаттан тышкары ыр жазуу менен да алектенген. Ал Орусия Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, бир нече ырлар жыйнагын чыгарган. Адабиятта Анатолий Осенев деген ат менен белгилүү.

 

Copyright © 2017 Maral FM