Connect with us

Муралиев: Аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берүү-жакшы багыт

Күн чекит | 9 Янв 2019 | 840 | 0

2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун калкы менен жолугушууда билдирди. Ал айыл жерлерин өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан болуп кала берерин жана санариптешүү элетке чейин жетип, жарандардын күнүмдүк турмуш-тиричилигинде да пайдаланыларын кошумчалады. Жаңы жылдын жаңы багыты тууралуу мурунку премьер-министр Амангелди Муралиев менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курдук.

Марал: 2018-жыл аймактарды өнүктүрүүгө багытталып, бир катар иштер аткарылганын президент айтып өттү. Жаңы жылды да кайрадан бул багытка арноонун себеби эмнеде? Кандай иштер аткарылуусу мүмкүн бул жылда?

Амангелди Муралиев: Менимче, аймактарды өнүктүрүүгө басым жасоо жакшы багыт. Анткени Кыргызстан агрардык өлкө болгон үчүн жана калкынын басымдуу бөлүгү айыл жерлеринде жашаганы үчүн ал тармак өнүксө, өлкө өнүгөт. Муну менен айыл жергесинен борбор шаарларга жана чет өлкөлөргө агылган мигранттардын санын азайтууга болот. Ал үчүн аймактарда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды ачып, жумуш орундарын түзүү сыяктуу иштерди алып барса туура болот. 

Марал: Өткөн жылда убадаланган аймактык-административдик реформанын жол картасы да сунушталбай калды. Бул жылы муну жолго коюусу күтүлөбү?

Амангелди Муралиев: Албетте, аймактык-административдик реформа абдан зарыл. Бирок бул дароо эле ишке ашып кетүүчү иш эмес. Ал үчүн мамлекеттик бийлик күчтөнүүсү керек. Бизде ортонку звенодогу бийликтер, тактап айтканда облустук жана райондук башкаруулар чабалдык кылып жатпайбы. Ошондой эле бул иш абдан тыкыр көзөмөлдү, прогнозду талап кылат. Жүргүзүлгөн реформа оң натыйжаларды берүүсү керек.

Марал: Ал эми санариптештирүү иштери шаарларда же борбордо эле эмес, эми элет жерлерине чейин ишке ашуусу көздөлүүдө. Сиздин оюңузча буга мамлекеттин же аймактардын мүмкүнчүлүгү жетеби? Техникалык-материалдык же кадрдык база барбы?

Амангелди Муралиев: Муну ишке ашыруу үчүн системалуу программа иштеп чыгуу керек. Ага ылайык айыл жерлериндеги мектептерди компьютер менен камсыздоо, айыл тургундарынын муктаж болгон документ-кагаздарын ары-бери чуркатпай, электрондошкон система аркылуу берүүнү жолго койсо бюрократия азаят. Жарандардын жашоо-шарты да жеңилдеп калмак. Бирок, дароо эле ишке ашып кетет дегенден узак болуубуз керек. Бул система толук бойдон ишке ашуусу үчүн бир топ убакыт кетет.

Марал: Жумушсуздукту жоюп, миграциянын агымын басаңдатуу үчүн аймактарды өнүктүрүү жана дүйнөлүк интеграциядан узактап кетпей, эл катары өнүгүү үчүн санариптештирүү…Эки маанилүү багытты бир жылга сыйгаштыруунун мааниси кандай? Эки тармакты байланыштырып, бирге алып кетүү оор болбойбу?

Амангелди Муралиев: Менин оюмча эки тармак бири-бирине байланышып, эриш-аркак кете алат. Анткени санариптик экономика түзүү, социалдык иштерди санариптештирүү өлкөнү өнүктүрөт. Дагы айтам, бул иш бир жылда аткарылып бүтө калчу иштер эмес. Быйыл мамлекеттик түзүмдөр менен коомчулукту буга көндүрүп, ишке киришүү жасаса, келечекте өз алдынча уланып кете берет. Ошондуктан эки багытты бирдей алууну мен туура эле көрдүм.

Copyright © 2017 Maral FM