Биз менен байланышыңыз

Жаңы жыл тоскон сириялыктар сынга кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2019 | 795 | 0

Түркиянын Стамбул шаарындагы борбордук «Таксим» аянтында чогулуп, жаңы жыл тосуп майрамдаган сириялыктар сынга кабылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жызышууда.

Сириядагы жарандык согуш жүйөсү менен Түркияга качкын макамында өткөн жүздөгөн эркектер аянтка чогулуп, ырдап-бийлеп майрамдашкан. Түркиялыктар жана башка күбөлөр да буга нааразылыгын билдиришүүдө.

«Европага жанашып туруп жергиликтүүлөр да мынчалык майрамдап ызы-чуу кылбайт. Өз өлкөлөрү ар түрдүү кызыкдар тараптардын талашына тушүп, чачылып жатса, мекенин коргоого дарамети жете турган жигиттердин кайгы-капасыз майрамдап, элиргени кандай?! Башка өлкөдө Сирия байрагын желбиретип, «Сирия!» деп ураан чакыргандары орунсуз иш!»,-деген маанидеги пикирлер коомдук желелерди каптады.

Көпчүлүк мусулман коомчулугу да сириялыктардын бул ишин «өз ишенимдерине төп келбеген жорук» катары сыпатташты.

Жергиликтүү калктын сириялыктарга карата нааразылыгы буга чейин эле күч болчу. Анткени көпчүлүгү эмгектенбестен мамлекеттин бекер тамагын күтүп олтурушканын, көчөлөрдө күчкө салып кайыр сурашканын жана ууру-кескилери көбөйүп кеткенин айтып даттанып келишет.

Эске салсак, Сириядан качкандардын эң көбү Түркияда баш калкалашууда. Алардын саны 3 миллионго жакын. Атайын лагерлерде жашаган качкындардын жүз миңдеген бөлүгү өлкөгө кайтып, өз тирлигин улантып жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM