Биз менен байланышыңыз

Исмаилова: Жогорку Кеңештин быйылкы ишине «4» деген баа берем

Пикирлер | 31 Дек 2018 | 763 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова “Марал” радиосуна берген маегинде 2018-жыл коррупция менен күрөшүү жылы болгонун билдирди.

Анын айтымында, быйыл паракорчулук менен күрөшүүдө саясий эрк пайда болгон. Мамлекеттик кызматкерлер дагы коркуп калышкан. Эл өкүлү коррупция менен күрөш 2019-жылы уланарына ишенет.

Исмаилова парламенттин бул жылкы ишмердүүлүгүнө «4» деген баа берет. Ал Жогорку Кеңештеги 15тей эл өкүлүн көп тармакты билген тажрыйбалуу депутат деп эсептейт.

«Мен алар менен акылдашам, алар жакшы кеңешин берет. Депуттардын демилгелерине баа бербейм. 2018-жылдын аягында бир топ демилгелерди алып чыктым. Сейсмикалык коопсуздук боюнча мыйзам даярдадым, 2019-жылы палатага алып чыгам. Парламентке келген соң саламаттыкты сактоо системасындагы иштерди изилдеп, көп корупциялык схемаларды, негизги документтерди таптык. Справкаларды комитетке чыгарарда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов чалып, чыгарбай коюңуз деди. Айрым кесиптештер тараптан каршылыктар болду, бирок справкам өттү», — дейт Исмаилова.

Ал буга кошумча, парламенттик шайлоого аз убакыт калганын белгилеп, бирок жасай турган иштер, демилгелер менен алек болуп шайлоо тууралуу ойлонууга убакыт тар болуп жатканын айтты.

«Элге арналган кыялдарды иш жүзүнө ашыруу үчүн парламентке барам деген ой пайда болот. Бирок шайлоого барып же барбасым кийинчерээк билинет«, — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM