Биз менен байланышыңыз

Депутат Конушбаев 20 жылдан бери окуучуларга демөөрчүлүк кылат

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 858 | 0

27-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жаңы жылды утурлай табияты катаал Суусамыр айыл аймагына барып, социалдык мекемелердин кызматкерлерине жана өрөөндөгү беш мектептин окуучуларына белектерди тапшырып келди.

Мындан сырткары, окуучулар менен болгон жолугушууда аларды талыкпай эмгектенүүгө чакырган Жогорку Кеңештин депутаты:

Билимдүү инсандын жарыгы жалпы элге тийип, анын арты менен өлкөбүз өнүгөт. Бул үчүн ата-энелер да балдарынын жакшы окуусуна кам көрүп, шарт түзүп берүүсү зарыл”, – деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев жыйырма жылга чукул убакыттан бери туруктуу демөөрчү катары өзү туулуп-өскөн Суусамыр айыл аймагына колдоо көрсөтүп келет. Жыл сайын өрөөндөгү беш мектептин алдыңкы окуучуларына стипендия тапшыруу менен катар окуучулар жана мугалимдер арасында өтүүчү ар кандай интеллектуалдык конкурстарды каржылап,  демөөрчүлүк кылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM