Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 587 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Жээнбеков телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дмитрий Медведевди Жаңы жыл жана Рождество майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы келерки жыл эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достуктун жана өз ара урматтоонун духундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана региондор аралык кызматташтыктын прогрессинин жана өнүгүшүнүн салтанаты болоруна ишенимин билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча кадамдар да талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM