Биз менен байланышыңыз

Адамкул Жунусов Кыргызстанга экстрадицияланды

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 1098 | 0

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

28-декабрда прокуратуранын тапшырмасы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жунусовду Кыргызстанга алып келишти.

14-декабрда мамлекеттик айыптоочу тарап Азербайжандын прокуратурасына кайрылуу жолдоп, Жунусовду жоопко тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүүсүн сураган.

Кошумчалай кетсек, Адамкул Жунусовго эл аралык издөө жарыяланып, 4-декабрда Азербайжандагы Гейдар Алиев аэропортунан кармалган болчу.

Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган. Ал 2013-2016-жылдары Бажы кызматын жетектеген.

 

Copyright © 2017 Maral FM