Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Түркмөнстан президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 580 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков түркмөн башчысы жана жалпы түркмөн элин келе жаткан 2019- жаңы жыл менен куттуктады.

Алар Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылы Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча 2019-жылга карата биргелешкен пландарды аныкташты.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 23-24-августта мамлекеттик сапары менен Түркмөнстанда болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM