Биз менен байланышыңыз

Аида Касымалиева вице-спикер болду

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 901 | 0

Депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды. Добуш берүүгө 104 депутат катышып, баары колдошту.

Анда Касымалиева колдоо көрсөткөн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, Султан Ибраимовдун: “Эмгек элде калат”,-деген сөздү айтты.

Эске сала кетсек, Асел Кодуранова 20-декабрда вице-спикерлик кызматтан КСДП фракциясынын сунушунун негизинде алынган болчу. Аталган фракция анын ордуна Аида Касымалиеваны сунуштаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM