Биз менен байланышыңыз

Ташталган бала апасына кайтарылды

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 779 | 0

Чүй районунда чоң энеси аялдамага таштап кеткен 1,5 жашар баланы апасы үйүнө алып кетти. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева маалымдады.

Анын айтымында учурда балага документ толтурулуп, бардык маалыматтар такталып жатат.

Ал эми министр Улукбек Кочкоровдун пикиринде апасы табылган баланы интернат үйүнө жайгаштыруунун зарылчылыгы жок.

«Баланы интернатка берүү үчүн анын ата-энесинин баладан баш тартуусу керек. Бирок азыр андай жагдай жок. Үй-бүлөнү социалдык кызматкерлер үзгултүксүз көзөмөлгө алып, текшерип турушат»,-деди министр.

Бирок коомчулукта баланы жоопкерчиликсиз ата-энеге кайра берүү баланы зордук-зомбулукка учуратышы мүмкүн деген тынчсыздануулар арбын айтылууда.

Эске салсак, Чүй районунун Бурана айылында 10-декабрь күнү 1,5 жашар баланы жанында кийимдери салынган баштык менен көчөдөгү аялдамада табышкан. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери анын ата-энесинин кимдигин жана баланы чоң энеси таштаганын тастыкташкан. Баланын ата-энеси жарандык никеде туруп, ажырашып кетишкен. Апасы баланы бага албай турганын билдирип чоң энесине бергени маалым болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM