Биз менен байланышыңыз

Балдар президентке кызыл алма белекке беришет

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 708 | 0

Бүгүн Бишкектеги президенттик балаты майрамында балдар өлкө башчысына сыртына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү чегерилген кызыл алма белекке беришет. Бул тууралуу катышуучулар Маралдын кабарчысына айтып беришти.

Адат боюнча берилчү  белектин бул жылдагы мазмуну президентти Айтматовдун 90 жылдыгы менен куттуктап, анын атактуу чыгармасы «Кызыл алманы» чагылдырган.

Балатыга чакырылган окуунун мыктылары, жакшы жетишкен, олимпиаданын жана башка эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн катышуучулары жана мүмкүнчүлүгу чектелген балдар майрамдык маанай менен балатыга келишти.

Эске салсак, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз  улуттук филармониясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда жаңы жылдык балаты майрамы өтөт.

Ага республиканын бардык аймагынан 1100 мектеп окуучусу чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM