Биз менен байланышыңыз

Бишкек-кышкы эс алууга ыңгайлуу шаарлардын арасында

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 516 | 0

ТурСтат аналитикалык агенттиги туристтер кышкы эс алууга эң көп келчү КМШнын шаарларынын рейтингин жарыялады.

Анда Армениянын борбору Ереван шаары эң биринчи орунда турары белгилүү болду.

Бул кышта турист эң көп келчү он алдыңкы шаарлардын катарына Минск, Баку, Астана, Алматы, Ташкент, Бишкек, Кишинев, Душанбе жана Ашхабад кирген.

ТурСтаттын маалыматына караганда туристтер 3-5 күндүк эс алууга келишет. Алардын көпчүлүгү орусиялык туристтер.

Эске салсак, бул рейтинг туристтик сапарлардын талап кылынуусун анализдеген соң жарыяланды. Кыргызстан быйыл жалпысынан 6,5 миллион туристти тосууга камынууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM