Биз менен байланышыңыз

Парламенттин мурунку бөлүм башчысы Арсен Закиров 6 жылга камалды

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 603 | 0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн мурунку башчысы Арсен Закиров 6 жылга камалды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Биринчи инстанцияда Закиров күнөөлүү деп табылып, шарттуу кесилген болчу.

Эскерте кетсек, 2017-жылы КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн документтерди даярдап, Жогорку Кеңештин эсебинен 30 миң доллар бөлүнгөн. Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу»), 350-беренеси («Документтерди жасалмалоо») менен кылмыш ишин козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM