Биз менен байланышыңыз

Батыралиев: 11 млн сомго унаа алууга мен кол койгон эмесмин

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 1094 | 0
иллюстрациялык сүрөт

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев министрликке унаа алуу үчүн эч кандай документке кол койгон эмес. Бул тууралуу ал өзү «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, министрликке унаа сатып алууга муктаждык болгон эмес.

Кошумчалай кетсек, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиевдин ар бири 5,6 миллион сом турган жол тандабасты кызматтык унаа катары сатып алган. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова кабарлаган болчу. Министр Чолпонбаев бул унаалар Кыргызстандагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун колдоого алган Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүгүү бирикмесинин гранттык каражатына келгенин, долбоорго мурунку министрдин убагында эле кол коюлуп, аны өзгөртүү мүмкүн болбой калганын билдирген.

Анын айтымында министрге түзүмдөгү кызматкерлер жаңылыш маалымат берип, адаштырып жатышат.

Эске салсак, кызматтык унааларды сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланышы керек. Бирок аталган министрликтин унаалары тууралуу порталда эч кандай маалымат табылган жок.

Copyright © 2017 Maral FM