Биз менен байланышыңыз

Ахметовдун трансфердик баасы 6 миллион еврого жетти

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 1192 | 0

Кыргызстанда төрөлүп-өскөн орусиялык ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметовдун трансфердик баасы баштапкысынан 15 эсеге көбөйүп, 6 миллион еврого жетти. Бул тууралуу Transfermarkt порталы маалымдады.

Ильзат Ахметов бул клубка

 

 

 

үстүбүздөгү жылдын июль айында 400 миң еврого өткөн. 28-июлда Орусиянын Суперкубогунун ээси аталып, 31-июлда ЦСКА үчүн дебютун жасаган.

1-сентябрдагы «Урал» командасына каршы өзгөчө оюнунан кийин анын баасы 1 миллионго көтөрүлгөн. Ал эми 3-октябрда мадриддик «Реалды» 1:0 эсебинде утушканда Ахметовдун трансфердик баасына дагы 800 миң евро кошулган.

Футболчу команданын негизги курамынан орун алып, Чемпиондор Лигасында көрсөткөн оюндарынан кийин ага англиялык «Арсенал» жана римдик «Рома» клубдары кызыкдар экенин билдиришип, Орусиянын улуттук курамасына да чакырылды. Ошентип 20-декабрга карата анын баасы 6 миллион еврого жетип,  ЦСКАда 7-орундагы кымбат футболчу болгону маалым болду.

Эске салсак,  Илзат Ахметов Чүйдө төрөлүп-өсүп, жергиликтүү клубдардын балдар командасында ойногон. Кийин мектепте окуп жаткан учурунда үй-бүлөөсү менен Орусияга көчүп кетишкен. Аны Кыргызстандын улуттук курамасына алууга бир топ аракеттер болгонуна карабай, Ахметов баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM