Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченин 4.75 %да кармады

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 553 | 0

 КР Улуттук банкынын башкармалыгы жакында эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Улуттук банктын башкармалыгынын мындай чечими учурдагы инфляциялык тобокелчиликтер тең салмактуу болуп, Улуттук банк божомолдогондой чыгышы менен шартталган.

“Жаңыланган мааалыматтарды эсепке алуу менен жылдын жыйынтыгы боюнча инфляцияны баалоо төмөндөтүлүп каралды: 2018-ж. декабрь/2017-ж. декабрдагы инфляция 1,0%дын тегерегинде болуп, 2019-жылдын экинчи жарымында инфляция ички жана тышкы күтүүсүз өзгөрүүлөр (шоктор) болбосо акча-насыя саясатынын максаттуу орто мөөнөттүү көрсөткүчүнө 5-7%да кирет. Ушул жылдын мартынан тарта Кыргызстанда төмөнкү инфляция байкалууда. Азык-түлүк товарларынын төмөнкү баалары инфляциянын динамикасынын негизги фактору болуп калууда. Азык-түлүк эмес товарлар тобуна болгон баанын жогорулашы акырындап жайлап жатат. Декабрда (14нө карата) инфляциянын жылдык белгилениши 0,3%ды түздү”, — деди ал.

Ошондой эле,  Улуттук банктын төрагасы ички суроо-талап реалдуу маянанын туруктуу өсүшү жана өлкөгө келген акча которуулардын оң динамикасынын аркасы менен камсыздалып жатканын да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM