Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева мигранттардан кечирим сурады

Пикирлер | 24 Дек 2018 | 1542 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Марал” радиосуна берген маегинде чет өлкөдө иштеп жүргөн миграттарга ыраазычылыгын билдирип, алардан кечирим сурады.

«700 миң жараныбыз Орусияда жүрөт. Алардын баарына кайрылып айтарым, сиздерге биринчиден, чоң рахмат. Мамлекетке көз каранды болбой, өз ишиңиздерди кылып жүрөсүздөр. Экинчиден, мен абдан уялам. Мен үчүн бул абдан өкүнүчтүү… Мен кечирим сурайм. 3 жылдан бери парламентте отуруп миграттардын тагдырын өзгөртө албаганыма өкүнөм. Бирок келечекте өзгөрүүлөр болот деп ишенем», — дейт Сурабалдиева.

Анын пикиринде, заман өзгөрүп жатат. Ага ар бир жарандын салымы зор болушу керек.

Ишенимиңерди жоготпогула. «Мен башка жакка көчүп кетем, Кыргызстанда келечек жок», — деген депрессивдүү ойлор болбошу керек. Өзгөрүүлөр болот, баары жакшы болоруна чоң ишеним бар. Өзгөрүүгө ар бирибиздин салымыбыз болушу зарыл. Анткени ууруларды төргө отургузуп, өкүл апа, өкүл ата кылгандар бизбиз. Демек, мамилени өзгөртө турган дагы биз», — дейт эл өкүлү.

Ал буга кошумча, ар бир эл өкүлү коррупциялык жараларды ачыкка чыгарышы зарыл экенин айтып, эл эки жакка секирген саясатчылардан чарчаганын белгиледи.

«Саясатчылардын арасында «канча иштесең да эл акчалууларды шайлайт экен» деген таарыныч бар. Атамбаевге мени чоң саясатка алып келгени үчүн ыраазымын. Бирок Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун жеке мамилесине аралашкым келбейт», — дейт Сурабалдиева.

 

Copyright © 2017 Maral FM