Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Вакциналар текшерүүдөн өткөн соң берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Дек 2018 | 1133 | 0

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев “Марал” радиосуна берген маегинде өкмөт дарынын наркын карабай турганын, аталган министрлик бааларды көзөмөлдөө боюнча сунуштарды бергенин билдирди.

Анын айтымында, дары саткандар кээде өздөрү дарыгер болуп бейтаптарга дары сунуштап жатышат. Көзөмөлдүн жоктугунан улам илдет оорлошуп кетүүдө.

«Далил, факты болсо дары саткан фирмалардын лицензиясын алып салып, дарыгерлерге да чара көрөбүз. Талаптарга туура келбеген 21 дарыны каттоого алган жокпуз. Биоактивдүү кошулмалар мыйзамсыз сатылууда. Бул боюнча көп тыюуларды коюп жатабыз. Ал эми вакциналарды текшерүүдөн өткөргөн соң берип жатабыз. «Анда чочконун, маймылдын каны бар, тукумсуздукка алып келет» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мындан сырткары лабораториялар талапка жооп бербей жатканы дагы маселе жаратууда», — дейт Каратаев.

Ал буга кошумча, Саламаттыкты сактоо тармагында башталган реформалар токтотулбай турганын белгиледи.

«Реформаны токтотпойбуз. Жер-жерлерде типтүү заманбап оорукана куруу пландалууда. Мындан сырткары аймактарда гемодиализ борборлорун ачуу каралып, ачылгандары иштеп жатат», — дейт Каратаев.

Маалым болгондой, эми үй-бүлөлүк дарыгерлерге индикатор боюнча кошумча акы төлөнө баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM