Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Башкы дарыгерлердин артында фракция лидерлери турат

Пикирлер | 24 Дек 2018 | 1291 | 0

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январына карата 1640 дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын медециналык жайлардын 2 миңге жакын дарыгер бүтөт. Бирок ага карабай региондордо дарыгерлер жетишсиз.

«Дарыгерлер аймактарга барбай жатат. Жаш дарыгердин депозити иштеп жатат. Быйыл алардын санын 250гө көтөрүү планы бар. Бир мекемеде 15-20 жылдан бери жетекчи болуп отургандар бар. Бирөөгө тийип көрчү, артынан фракциянын лидерлери чыгып жатат. Бул маселе Коопсуздук Кеңешинин жыйынында дагы каралат. Медициналык мекемелердин башкы дарыгерлерин бир мөөнөткө дайындоону сунуштап жатабыз», — дейт.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо тармагына жыл сайын 18 млн сомго жакын каражат бөлүнөт. Каратаев бул сумма коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу аз экенин белгилейт.

«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна 14 млр сом, Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу 3,7 млрд сом берилүүдө. Бул адамдардын санына салыштырып келгенде? 43 доллардын тегерегин түзөт. Ал эми Казакстанда 430 доллардан, Орусияда 500 доллардан бөлүнүүдө. Биз берилген каражатты туура бөлүштүрүүгө аракет кылып жатабыз», — дейт Каратаев.

 

Copyright © 2017 Maral FM