Биз менен байланышыңыз

Быйыл өлкөгө 14 млрд сомдук дары-дармек кирген

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Дек 2018 | 1277 | 0

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев “Марал” радиосуна берген маегинде министрлик 2019-жылдын соңуна чейин электрондук медицинага толук өтүүнү пландап жатканын билдирди.

Анын айтымында, кийинки жылдан тарта дары-дармектердин бирдиктүү базасын түзүү пландалууда. Бул боюнча жыйырмага жакын стратегиянын алкагында каражат каралган.

Акыркы тогуз айдын ичинде өлкөгө кирген дарылардын жалпы баасы 14 млрд сомдун тегерегин түзгөн. Айрым дарылардын баасы коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу 2-3 эсеге кымбат.

«Мамлекеттик мекемелерде жеке менчик медициналык жайлардын болушу туура эмес. Дарыгерлер бейтаптарга дарыларды далилдебей туруп жазып беришүүдө. Ошондуктан мониторинг кылып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында дарылардын сапаты боюнча бөлүм же башкармалык киргизели деп турабыз. Дарылардын баалары боюнча мониторингин илсек? жарандар салыштырып көрүп сатып алат», — дейт Каратаев.

Ал буга кошумча Коопсуздук кеңешинин 14-декабрда өткөн жыйында президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо системасы боюнча туура маселе көтөргөнүн белгилеп өттү.

«Президент туура меселени көтөрдү. Көмүскөдөгү акчаларды чыгаруу боюнча көп нерсени билебиз, аракет болуп жатат. Айлык акынын аздыгы жана материалдык-техникалык базанын жетишсиздигинен улам ушундай болууда. Түшкөн каражаттын 50 пайызын эмгек акыга алуу маселеси каралууда. Министрликте чукул жумушчу топ түзүлүп, иш-чараларды карап жатабыз», — дейт Каратаев.

Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин жыйында президент Сооронбай Жээнбеков айрым министрлерге карата катуу сын айтып, электрондук өкмөттү ишке ашырууда кеч калып жаткандарын белгилеген. Алардын катарында Саламаттыкты сактоо тармагы эң артта калган министрлик экенин айтып, жарандар тараптан дооматтардын көпчүлүгү да аталган министрликке карата болуп жатканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM