Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министрлиги Жаңы жылда пиротехникалык каражаттарга тыюу салды

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 882 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жана бала бакчаларда жаңы жылдык майрамык иш чараларда салют, фейерверк сыяктуу жарылуучу заттарды колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарына жаңы жылдык салтанаттарга даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда чыгып кетүүсү мүмкүн болгон өрт коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуучуларга майрам күндөрү жол коопсуздугун сактоо жана жардыргыч оюнчуктардын кооптуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүсүн талап кылды.

Эске салсак, кыргызстандыктар Жаңы жылдык майрамга карата 7 күн эс алмай болушту.

 

Copyright © 2017 Maral FM