Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 991 | 0

Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Ага президент, өкмөт башчы, экс-депутаттар жана учурдагы парламенттин курамы катышууда.

Иш-чаранын башында атайын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, андан соң парламенттин 80 жылдыгына арналган документалдуу хроникалык фильм көргөзүлдү.

Жыйында сөз сүйлөгөн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коомчулук тарабынан айтылган ар түрдүү сындарга карабай Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын так аткарып келгенин билдирди.

«Жогорку Кеңеш демократиялык жолду тандап, элдин бардык көйгөйлөрүн бул жерден чечип келет. Ага тааныш эмес мамлекеттеги бир да маселе жок»,-деди президент.

Ошондой эле ал саясий партиялар тууралуу мыйзам эскирип, учурдун талабына жооп бербей калганын, аны өзгөртүү керектигин белгиледи.

Эске салсак, парламенттин учурдагы курамы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки Жогорку Кеңештин VI чакырылышы болуп саналат.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM