Биз менен байланышыңыз

2019-жылкы ажылык үчүн Кыргызстанга 5485 квота бөлүндү

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 1459 | 0

Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 5485 квота бөлүп, 2018-жылдагы ажылыкты мыкты уюштургадыгы үчүн «эң жакшы» деген баасын беришти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан Мусуманарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2018-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстандын 2018-жылы ажылыкты мыкты уюштургадыгын айтып,  өзүнүн «эң жакшы» деген баасын берди.

Муну менен катар тараптар 2019-жылдагы ажылыкты уютуруу боюнча пикир алышып, жаңы өзгөчөлүктөргө, САПтын ажылык министрлигинин электрондук системасы боюнча сүйлөшүштү. Жолугушуунун соңунда  тараптар 2019-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, САПтын ажылык министрлиги кыргызстанга 5485 квота берилгендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки тарап эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемделе беришин Жараткандан сурап дуба кылышты.

Эскерте кетсек, кечээ 19-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, КР Жарандык авиация агенттигинин өкүлү, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев менен биргеликте Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM