Биз менен байланышыңыз

Султанов: Ар бир адам короосуна көчөт тигиши керек

Пикирлер | 21 Дек 2018 | 680 | 0

Дарак тигүүнү каалаган жарандарга көчөт берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир адам короосуна дарак тигиши керек.

«Биз Калыс-Ордо конушуна канча бак керек болсо беребиз. Канализация маселеси — чоң көйгөй. Жыл ортосуна чейин долбоор жазылып бүтсө, райондо жыл соңуна чейин бул көгөйдү жоюуга аракет кылабыз. Бул маселе биздин көзөмөлдө. Документтери туура эмес деп табылып, кызыл китеп берилбей жаткан 300гө жакын түтүн бар. 1999-жылга чейин салынган үйлөрдү мыйзамдаштырабыз. Бул маселени чечүү керек», — дейт Султанов.

Маалыматка ылайык, аким жарандарды шаршемби күндөрү кабыл алат. Ал үчүн 0312 66 15 37 номуруна чалып алдын ала жазылуу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM