Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан эл каттоого даярдык көрүүдө

Без рубрики , Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 587 | 0

Түркмөнстан өкмөтү 2022-жылга белгиленген калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрө баштады.

Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Х.Гурбанов өкмөт жыйынында баяндама жасап, бул багытта БУУнун Өнүктүрүү программасы менен жигердүү кызматташуу жүрүп жатканын билдирди.

Калкты жана турак жай фондун каттоо акциясы БУУнун жардамы менен ишке ашат.

Бул арада Түркмөнстанда Курбангулы Бердимухаммедов бийликке келгенден бери өлкөдөгү расмий статистикалык маалыматтар жарыяланбай калган.  2012-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун жыйынтыгы азыркыга чейин расмий билдириле элек.

Кошумчаласак, “Түркмөнстан хроникасы” басылмасынын маалыматына караганда, 2012-жылдагы каттоого ылайык, Түркмөнстанда калктын саны 4 миллион 751 миң 120 болгон. Түркмөнстан акыркы жолу бул боюнча расмий маалыматтарды 2006-жылы июлда жарыялаган, анда калктын саны 6 миллион 836 миң 500 экени айтылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM