Биз менен байланышыңыз

«Бийликте тең салмактуулук бар»

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 651 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маегинде «Марал» радиосунун суроосуна жооп берип жатып, бийликте тең салмактуулук бар экенин айтты. Анда ал өзү баарын башкарбай турганын, бийлик бутактары өз алдынча иштеп баштаганын белгиледи.

-Өкмөт иштеп баштады. Аларды көзөмөлдөп, кеңеш берип атам. Анткени мен президент катары башын бириктирип турушум керек. Көптөн бери туруп калган долбоорлор иштеп баштады. Сотто реформа жүрүп баштады. Каерде тең салмактуулук бузулуп жатканын түшүнбөйм,-деди мамлекет башчы.

Мамлекет башчынын айтышынча, парламент да өз алдынча иштеп баштап, чечимдерди кабыл алып жатат.

Эгер элдин кызыкчылыгына каршы көрүнүш болсо, ал карап тура албастыгын, айтып чара көрөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM