Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Алмамбет Салиев коррупциялык ишке барбасына ишенем

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 1134 | 1

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевдин сот системасына аралашып, маанилүү мамлекеттик иштерди чечип жатканы тууралуу суроого жооп берип жатып президент Сооронбай Жээнбеков: «Мен ал жигитти жакшы тааныйм. Ал андай иштерге барбайт деп ишенем», — деди.

Бийликке келгенде ар турдүү сөздөр ээрчип, каршылар, душмандар пайда болорун эске салган президент Салиев тууралуу сөздөр да ошолордон бирөө экенине токтолду.

Ал эми анын Ош облусунун Алай районунун акими болуп дайындалган таякеси Замирбек Молдокулов буга чейин, Жээнбеков Оштун губернатору болуп турганда акимдикке бир нече ирет сунушталганын, тажрыйбалуу, иш билги адам экенин айтты. Ал өкмөттүн түздөн-түз өкүлү болгон үчүн үчүнчү жолку сунушталганда губернатор менен премьер-министр кабыл алышкан.

«Аны губернаторлук кезимден жакшы тааныган адам катары калыс пикиримди билдирип коюшум керек, ал тууралуу бир да жаман сөз ээрчигенин уккан эмесмин», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM