Биз менен байланышыңыз

Озонниа Ожиело: Кыргызстанда тигилген костюмдарды кийип жүрөм

Пикирлер | 19 Дек 2018 | 669 | 0

БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело “Марал” радиосуна берген маегинде жарандарды ата мекендик товарларды колдоого чакырды.

Озонниа Ожиело жергиликтүү өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстанда тигилген кийимдерди киерин айтат.

«Менин көп костюмдарым Кыргызстанда тигилет. Бул өндүрүшкө кошкон салымым болот. «Маралдын» угармандарын жана көрармандарын ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырамын. Нью-Йорктогу кесиптештерим дагы менин костюмума кызыгышты. Кыргызстан — сонун өлкө. Биринчи жолу жылкынын этинин даамын татып көрдүм, даамдуу экен. Кыргызстандын ар бир жараны ушундай жакшы өлкөдө жашап жатканына сыймыктанышы керек. Бул жерде канча убакыт иштейм, билбейм. Бирок болгон аракетимди жасайм», — дейт Озонниа Ожиело.

Ал буга кошумча, кыргыз өкмөтү көп иштерди жасап жатканын, мындан улам жолугушуулар кээде эс алуу күндөрүнө белгиленерин айтып өттү. Мындан сырткары өкмөттү жарандык коом менен активдүү иштөөгө үндөдү. Анын пикиринде, өкмөт өлкөнү өнүктүрүү багытында жасаган иштерин элге айтып, маалымат берип турушу керек.

Кошумчалай кетсек, Озонниа Ожиело БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору болуп ушул жылдын январь айында дайындалган. Ал 5 дипломдун ээси. Мындан сырткары 4 китептин жана бир нече макалалардын автору.

Copyright © 2017 Maral FM