Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү кеңештин депутаттары төш белгилүү болушат

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 710 | 0

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилери даярдалды жана алар жер-жерлерде тапшырылат.

Мындай билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы таратты.

Келишимге ылайык берүүчү (поставщик) КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин 10000 нускада даярдады. Төш белгилери спектрдик талдоодон өттү, сапаты жана өлчөмү конкурстук документтердин техникалык талаптарына ылайык келет.

Төш белгилери жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына тапшыруу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет. Конкурстук документтерди жана техникалык талаптарды баалоонун натыйжасы боюнча конкурстук комиссия эң аз баа сунуштаган б.а. бир бирдик үчүн 74 сом, жалпы суммасы — 10000 нуска үчүн 740 000 сом сунуштаган.

Эскерте кетсек, жасаган компаниянын сунушу конкурста жеңүүчү деп табылган.

Copyright © 2017 Maral FM