Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Тирешти жараткандар — ажолордун тегерегиндеги кошоматчылар

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2018 | 872 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиреши пайда алып келбейт. Андан эл, мамлекет утулушу мүмкүн. Учурда айкөлдүк аксап турат. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тирешти жараткандар алардын тегерегиндеги кошоматчылар. Алар дайыма жеке кызыкчылыгын көздөйт. Ажолордун тиреши кандай жыйынтыкталары белгисиз. Бирок жакшы тилек кылуу зарыл.

«Аларга токтоолук, айкөлдүк берсин. Жээнбеков менен Атамбаев — экөө тең падыша. Алар тууралуу көп жаман айтуу туура эмес. Падышалардан жигитчиликти, бийиктикти көрүшүбүз керек. Алсак, өз кезегинде Абсамат Масалиев менен Турдакун Усубалиев дагы тирешкен. Бирок алар кийинки муунга жигитчиликти көрсөтүп, үлгү болушкан. Тилекке каршы азыр андай болбой жатат», — дейт Сулайманов.

Copyright © 2017 Maral FM