Биз менен байланышыңыз

Аяна Касымова: Жылдыз оорусу менен ооругам

Көптөгөн чет өлкөдөгү сынактардын катышуучусу, жаш эстрада ырчысы Аяна Касымова биздин бул жолку «Желе шоу» программабыздын коногу болду. Ал убагында жылдыз оорусу менен ооруганын айтып, чыгармачылыктын оош-кыйышы тууралуу кеп салды.

Мен бул жылдыз оорусу менен баардык эле атактуу адамдар ооруган де ойлойм. Анын катарында мен да бармын. Он беш жашымдан баштап элге тааныла баштадым. Баары эле Аяна деп сенин көзүңдү карап атса,  жеке эле атактуу адам эмес жөнөкөй адам деле башкача болуп калат. Ошол учурда мен аябай көтөрүлүп атактуу болуп атканда, ата-энем ар дайым насаатын айтып, мени жерге түшүрүп турган. Бирок атактуу болуунун жакшы жагы бул баардыгы сени таанып, келип сүрөткө түшүшөт жакшы сөздөрүн арнашат, мени ошол нерсе кубандырат. Ал эми жаман жери сен ар дайым эл көзүндөсүң. Боёнуп жүрүщүң керек, жасанып жүрүшүң керек. Эркин жүрө албайсың. Жеке жашооң дагы баардыгына маалым болуп турат. Ошол нерселери жаман», — деп кошумчалады жаш ырчы Аяна Касымова.

Copyright © 2017 Maral FM