Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдин президенттер кеңешинде бир премьер-министр бар

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 691 | 0

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинде президенттер менен бирге бир гана премьер-министр бар. Ал-Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.

Анткени Армения 2015-жылы референдум менен партаменттик башкаруу системасына өтүп, ал 2018-жылы күчүнө кирди. Арменияда президенттин көпчүлүк милдетин премьер-министр аткарганы үчүн Пашинян президенттер кеңешине кирди.

Буга байланыштуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин келишиминдеги өзгөрүүнү ратификациялады. Анда буга чейин аталган кеңешке мүчө өлкөлөрдүн президенттери гана кирет делген болчу.

Эске салсак, ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Армения жана Беларуст кирет.

Copyright © 2017 Maral FM