Биз менен байланышыңыз

Зере: Мен турмушка чыгып-чыкпашымды билбейм

«Кыз» аттуу ыры менен элге таанылып, айрымдардын сынына да кабылган жаш ырчы айым Зере биздин «Желе шоу» программабыздын коногу болду. Ал бир гана өзүнүн жан дүйнөсү каалаган нерсени жасап, башкаларга көз каранды болбош керектигин баса белгилеп, ойлору менен бөлүштү.

«Адам өзүнүн жан дүйнөсү каалаган нерсени жасашы керек. Менин ырымда айтылгандай, каалаганын кийип, каалаганын кылуу керек. Кааласа кыздар турмушка чыгышсын, каалабаса чыкпасын. Аларды кыйнап, турмушка узатуу туура эмес. Мен бул нерсеге абдан каршымын. Мен мисалы, турмушка чыгамбы, чыкпаймынбы билбейм. Өзүмдүн каалоомо жараша болот. Адам эркин болгондо гана бир нерсени жасай билет», — дейт ырчы айым.

Copyright © 2017 Maral FM