Биз менен байланышыңыз

Өлкөнү санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыкты

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 756 | 0

Кыргызстанда санариптик кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик органдардын кызыгуусу төмөн. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, маалыматтык технологияны киргизүүнү каржылоо жагы да начар. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер өздөрү түзгөн базанын башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болуусуна каршы болуп жатышат.

— Акыркы жети жылдын ичинде мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 млн. доллардан ашык каражат жумшалган. Дээрлик 3,5 млрд. сом. Ага карабастан, жарандар жана ишкерлер  сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келет,-деди президент.

Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү бул баскычтан өтүү үчүн ондогон жылдарды коротушканын да айтты. Бирок учурда убакыттын жоктугуна байланыштуу Кыргызстан бул аралыкты кыска мөөнөттүн ичинде басып өтүшүбүз зарыл экенин эскертти.

Сооронбай Жээнбеков 2019-2023-жылдарда өлкөнү санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыкканын, мындагы максат коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу экенин айтты.

Ал белгилегендей, бул иш мыйзам чыгаруу, сот процессин жүргүзүү, аткаруу бийлигинин функцияларына тиешелүү. Айрыкча, укук коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, банк системасын, салык жана бажы тармактарын камтышы керек.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 14-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча маселе каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM