Биз менен байланышыңыз

Чек арадан мыйзамсыз өткөн кургатылган жемиш кармалды

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 486 | 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кургатылган жемиштерди мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.

ЕАЭБнын бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүнү табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, Ош областынын Ноокат районунун Онэки – Бел айылында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан Г.Ш. айдоочусунун башкаруусунда чиркегичи менен «Volvo FH500» унаасы кармалган.

Аталган транспорт каражаттарын текшерүүдө, бажы контролунан тышкары ЕАЭБнын бажы аймагына ташып келинген, Таджикистан Республикасында өндүрүлгөн кургатылган жемиштер кармалган.

Эксперттин корутундусуна ылайык товардын наркы 818 550 сомду түздү. Чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугун аныктоо жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык чечимди кабыл алуу үчүн Ош областынын прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM