Биз менен байланышыңыз

Умбриэл Темиралиев: Банктар аманатка кыянат кылбашы керек

Күн чекит | 12 Дек 2018 | 1623 | 0

11-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин коммерциялык банктардын бириндеги ячейкасындагы акча каражатын алып чыгып жаткандагы видео материалды жарыялаган болчу. Бүгүн Оптима банкынын жетекчилиги аталган видеону алар өткөн жылы Зилалиевге тартып жөнөтүшкөнүн, иш мыйзам чегинде болгонун расмий билдиришти. Канткен менен коомчулукта банктык купуялыкка шектенүү жана тынчсыздануулар пайда болуп жаткан чагы. Биз «Күн чекит» программасынын алкагында ишкер, Кыргызстандагы «Тредстоун» долбоорунун негиздөөчүсү Умбриэл Темиралиев менен окуянын Кыргызстандагы ишкерликке жана жалпы эле экономика тармагына тийгизген таасири тууралуу сөз кылдык.

Марал: Жогорудагы окуя боюнча оюңуз кандай? Кардардын ячейкасын ачып, видеого тартуу мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?

Умбриэл Темиралиев: Биринчиден бул иштин мыйзамдык-куктук жагын юристтер талкууласа туура болот го деп ойлойм. Ал эми биз көргөн кадрлар боюнча айтсам, шектүүнүн мүлкүнө карата тинтүү жана тартып алуу иштери кылмыш-жаза кодексинин чегинде аткарылууга тийиш. Эгер күнөөсү тастыкталган болсо, албетте күч органдары жарандын банктык эсебине чейин кире аларын көрсөтүп коюшту.

Марал: Банктык купуя сыр сакталууга тийиш эмеспи мындай шартта?

Умбриэл Темиралиев: Албетте, банкка кардарлардын ишенип берген мүлкү туура сакталууга тийиш. Депозитти кыргызча «аманат» деп атап жүрөбүз. Аманатка кыянат кылынбашы керек. Банк ошончо каражатты алып жатканда: «Сактап, коргоп берем, бирөөгө көрсөтмөк түгүл өзүм да карабайм»,- деп сөз берген соң, аны аткаруусу шарт. Бир арыз менен келишсе эле ача салчу болсо, бул абдан одоно ката болмок. Бирок кылмыш иши козголгон жагдайда кайра эле коопсуздук кызматкерлери иштин ичине кире алышарын көрсөтүштү. Канткен менен банктык системага шектенүү жаралбай койгон жок.

Марал: УКМК бул материалды коомчулукка жарыялоо менен банктык системага карата инвесторлордун ишениминин азайышына себеп болуп калбадыбы?

Умбриэл Темиралиев: Бул жерде чоң бир суроо пайда болду да: эгер адамга кандайдыр бир кылмыш иши козголсо же жөн гана шектелсе эле анын купуя сырлары жана мүлкү оңой эле ачылып, колунан алынып калат турбайбы? Мындай окуядан кийин Кыргызстанда мүлкүн сактоону каалагандар мындан шектенип калды деп ойлойм. Анан мындай жагымсыз сигнал чет элдик инвесторлорго деле күмөндүү ойлорду пайда кылат.

Марал: Анда мунун экономикага терс таасири тийди деп айтсак да болобу?

Умбриэл Темиралиев: Түздөн-түз таасирин тийгизет деп айтуудан алысмын. Бир коррупциялык иштин бети ачылганы же банктагы бир ячейканын ачылышы менен эле инвестиция кыскарып кетпейт, бирок Кыргызстанга келүүнү көздөп жаткан инвестор бул жагдайды албетте көздөн өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM