Биз менен байланышыңыз

Данияр Эрматов: Менин бир дагы «хейтерим» жок

Жылдын мыкты ырчы мырзасы Данияр Эрматов биздин «Желе шоу» программабыздын бул жолку ардактуу коногу болду. Эфир учурунда угармандардын баардык суроолоруна жооп, кызыктуу маек куруп азыркы учурда анын бир дагы «хейтери» жок экенин баса белгилеп өттү.

Азыр интернеттин заманы болуп күйөрмандарыңа каякта жүргөнүңдү, эмне кылып атканыңды, жакында кандай ырлар, кандай клиптер чыгат, ошол нерселердин баардыгын инстаграм, фейсбук, социалдык тармак аркылуу жайылтып көргөзүп турабыз. Ал нерсени колдонбой коёюн деп деле ойлоносуң. Анткени кээ бирөөлөр тамагына чейин тартып чыгарат деп айтышат. Бирок мунун дагы пайдалуу жактары бар да. Мисалы, тойлордо ырдаганыңды тартып киргизсең, буйрутмалар да көп түшөт.

-Мен ар дайым күйөрмандарыма жакшылыктарымды, ийгиликтеримди бөлүшүп турам. Бирок бир кубанычтуусу мага жакканы менде бир дагы хейтерлер жок. Мени ошол нерсе абдан кубандырат. Угармандарыма, куйөрмандарыма ыраазычылык айткым келет, кандай гана нерселерди эмне гана жүктөбөйүн, мени колдоп мотивация берип турушат. Мен дагы ошого жараша жөнөкөй болууга аракет кылам. Негизи, чыгармачылыкта 3 нерсе талап кылынат: эмгек, талант жана адамгерчилик. Ошол нерсени туура колдоно билсек, баары ойдогудай болот»-дейт эстрада ырчысы Данияр Эрматов.

Copyright © 2017 Maral FM