Биз менен байланышыңыз

Данияр Эрматов: «Быйыл үйлөнөм» дегениме досторум ишенбей деле калышты

«2018-жылдын мыкты ырчы мырзасы» аталган Данияр Эрматов «Марал» радиосунун «Желе шоу» программасында конокто болду. Анда ал качан үйлөнөрүн сурагандар көбөйгөнүн, быйыл деп айткандан да уялып калганын айтты.

— Буюрса, ушул күздө үйлөнсөм деген пландар бар. Бирок улам айтып жатып, досторум да ишенбей калышты. Азыркы учурда сүйлөшкөн кызымдын бар-жогуна кызыккандар көп. Азырынча жок. Бирок сүйүктүүмдү таптым деп ачык жарыя кылганды жактыра бербейм. 

Маектин жүрүшүндө ырчы ушул жылы Орусияга 3 жолу гастролдоп барып келгенин, алдыда кайсы өлкөлөргө баруу планы бар экенин да биз менен бөлүштү.

— Түркияга, Кытайга дагы чакырып жатышат. Буга чейин Кытайга дагы бардым. Буйруса, көп эле жерге концерт берейин деген ой-максаттар бар.

Данияр Эрматов ырларды кантип тандай турганына кызыгып: «Ыр сизди тандайбы же сиз ырдыбы?»-деген суроо узаттык.

— Көбүнчө ырдын маанисине карайм, өзүмдүн стилиме жараша тандайм. Ал эми ыр мени тандаганда «Апамдын болчу келини» чыгарманын автору атайын Даниярга деп жазган экен. Орусияда чыгармачыл досторум менен концерт коюп жатканда бешөөбүздүн арабыздан мени чакырып, белек кылып берген. Мага дароо эле жакты. Апамдан уруксат сурагам, андан соң дароо эле макулдугун бергенден кийин ырдап чыктым. Ырды мен тандайм, ыр дагы мени тандайт.

Ырчы мырза калың элдин алдында көптөн бери жүргөнү менен сахнанын дагы деле сүрү бар.

— Көп эле ырчылардан сурасам, биринчи бекер ырчылар менен гастролдоп жүрүп, андан соң чоң саханага кадам таштадым деп айтып калышат. Менин сүйүнгөнүм, алгач эле 2010-жылы Кожомкул атындагы спорт ордосунун сахнасына чыктым. Аябай толкундануу менен микрофонду катуу кармап, сахнада бир жерден жылбай ырдагам. Ал күндү эч качан унутпайм. Азыр деле сахнага чыгарда баары бир толкундануу болот. Бул нерсени элге болгон сый-урмат деп түшүнөм.

Данияр Эрматов эки жүздүүлүктү жактырбайт жана адамгерчиликти биринчи орунга коёт.

— Негизи ырчы деген атка конуу оңой эле, бирок ошол ырчылыктын тизгинин тартып кетиш кыйын. Эки жүздүү инсандарды абдан жаман көрөм, өзүм дагы өзгөрбөгөнгө аракет жасайм. Ар кимдин өзүнүн тарбиясы бар. Мен үчүн биринчи орунда адамгерчилик турат.

Ырчылык менен гана чектелбестен, авиакасса ачканын жар салды. Өзүнүн айтымында, ал жакында иштеп баштайт. Данияр Эрматов үйдүн кенжеси жана андан улуу бир туугандарынын баары үй-бүлөлүү.

Copyright © 2017 Maral FM