Биз менен байланышыңыз

Банк: Зилалиевдин акчасы тууралуу видео былтыр тартылган

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 667 | 0

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы акчасы тууралуу видео 2017-жылы банк кызматкерлери тарабынан тартылган. Бул тууралуу «Оптима Банктан» кабарлашты.

Алардын маалыматы боюнча, интернетке тараган видео укук коргоо органдары тарабынан Зилалиевдин өзүнөн алынган.

Интернетке тараган бир жыл мурун тартылган видеодо кардардын ячейкасынын ижара келишиминин мөөнөтү өткөн. Ошондуктан банктын кызматкерлери Улуттук банктын эрежелерине ылайык ячейканы ачып, ичинде сакталган мүлктү видеого тартып алып чыгышкан. Андан кийин мүлк жана видео ячейканын ээсине өткөрүлүп берилген.

Кардарга бул боюнча бир ай мурун эскертүү берилип, бирок ал мүлкүн алып кетүү үчүн банкка келген эмес. Ошондуктан интернетке тараган видео банктын кызматкерлери менен бир жыл мурун эрежеге ылайык жумуш учурунда тартылган.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурунку вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин коммерциялык банкта сактаган акчасы тууралуу видеону 11-декабрда тараткан. Анда Зилалиев 889 миң 900 доллар акчасын сактаганы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM