Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 657 | 0

Бүгүн, 12-декабрда Казакстандын Астана шаарында чет элдик мамлекеттердин жаңы дайындалган элчилери президент Нурсултан Назарбаевге Ишеним каттарын тапшырышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат кызматынан билдиришти.

Расмий аземге Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев катышты. Нурсултан Назарбаевге Кулубаев Ишеним катын тапшырып жатып, президент Сооронбай Жээнбеков аны Казакстанга кыргыз мамлекетинин атынан толук ишеним менен жибергенин белгиледи. Ошону менен бирге кыргыз-казак мамилесин мындан ары дагы бекемдөөгө жана тереңдетүүгө бардык күчүн жумшарын айтып ишендирди.

Өз кезегинде Назарбаевди келерки жылы Кыргызстанда расмий сапары менен күтүп жаткандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM